super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Келиндер, каткан акчаңар барбы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндер, каткан акчаңар барбы?" деген тема талкууланып жатат. Темада төмөндөгүдөй пикирлер айтылууда:

"Жеңем жаңы келгенде энем акча берип жатып "кызым, бир колуң тууру болсун, бир колуң ууру болсун" деген эле, теманы окуп ошол сөз эске түштү".

"Катса эмне болуптур? Мага жолдошум өзү бир карточкасын берген, "ашкан акчаларыңды салып, өзүңө керекте" деп. Ошентсе деле кем-карчымды өзү алып берет. Мен карточкага салган акчаларыма кыздарыма кийим-кече, шейшеп, көзүмө жакшыраак көрүнгөн буюмдарды сатып алам".

"Бир эжекебиз "Аял кишинин өзүнчө жашыруун бюджети болуш керек. Ар кандай учурлар болот, бирде бар, бирде жок, ошондой учурда кереги тиет" деп айтты эле".

"Жолдошунун берген акчасын сарамжалдуу пайдаланып, ашканын "чёрный карманга" сактап, үйдүн, өзүнүн керектөөлөрүнө жумшаганы туура эле көрүнүш. Бирок бул жолдошунан купуя түрдө эмес, ачык-айкын түрдө болсо жакшы. "Сен берген акчанын баарын иштетип койдум" дегенге караганда "акчадан бир аз ашты, аны керектөөлөрүбүзгө иштетип туралы" деп айтса, жолдошу да үнөмдүү, акылдуу келинчеги бар экенине кубанып калмак".

"Менин аяшымдын аялы айтып калды, "Чалым билбейт, он баркыт төшөк тиктирип, кебез салдырып каптатып, узга акча берип, төркүнүмө алып барып койдум. Үйүбүз бүтсө "апам жасап берди" деп айтам" деп. Анан абысынымдын "Агаңа айтсам макул болбоду, төркүнүмдө той болду эле, бекиткен акчама андай-мындай алып бардым. Апамдын туулган күнүнө шакек алып бердим" дегендерин угуп, мен да анча-мынча ката баштадым. Мурда тыйынына чейин эсептеп колуна карматчумун".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.04.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм,, озунчо бюджет болушу керек ,,,кээде буюм алса болот идиш алса эркектер жактыра бербейт,,,Албетте айым иштесе эмгегин менен ,,мисалы мен айына кээде уч мин кээде бир мин рубль премия берет,,ошону лично катып койом озумо аябай Зарыл болмойунча жылдап деле тура берет чогулуп,,бул жакшы эле куйоом деле билет бирок канча каякка жумшап жатасын дебейт Балким аныкы деле бардыр бирок зарплатыбызды чогуу эле уй-булоого жумшайбыз
15.04.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чёрный кошелёк болушу керек,бирок жолдошум тапкан акчасын берет уйго керектуу заттардын барын озум алам,а торкунумо эч качан бекитип акча бербейм,сурап берем,аял куйоо бири биринен эч нерсе жашырбаш керек анткени,уйдун берекеси бекем сакталат деп ойлойм.Бардык уй булоого амандык тилейм...
15.04.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akmosha,туура,ортодон ачык эле айтып берип кондуруш керек, а то уйдон ырыскы качат дейт го.
15.04.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар кандай болот да жашоодо.Мен жаш кезимден иштеп конгом озум акча кармап.Кээде иш токтоп калганда Тим эле баягы кичине бала упчу издегендей чонтокто акча жок болсо олоорумду самайм.Бирок ар бир келиндин оз черный кошелёгу болуш керек.Созсуз турдо.Эркек киши тапса аял киши сарамжалдап коротсо ошондо берекелуу болот.
15.04.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба болуш керек антпесе кийгилише турган болуп калат .Менин жолдошум тапкан акчасын мага карматат бирок мээсинде эсептеп турат.Мен болсо тамчыдан кол кылып кайра эле тиричилике кириштирип алам.Озум жумушка чыксам кашолок мешок сандык баары толот буйурса,чурполорум чонойсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: