super.kg logo

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 700 ыктыярчы өз салымдарын кошот

 

Быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө орун ала турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 700 ыктыярчы өз салымдарын кошот. Бул тууралуу SUPER.KG Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жүргүзүлүп жаткан ыктыярчыларды кабыл алууга арыз берүү 20-апрелде токтотулат. Акыркы 1 аптада 1000ден ашык ыктыярчылардан арыз түштү. "Аларды 3 этап менен чогултуп жатабыз. Биринчи этап - арыз берүү, экинчи этап - арыз ээлери менен аңгемелешүү, үчүнчү этап - аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөндөрдү окутуу. Жаштар бул оюндарга салым кошуу менен кайсы тармактарда кандай жумуштар жүрөрүн көрүп, тажрыйба топтой алышат. Алардын негизги жумуштары - логистика, котормочулук жана оюндардын жүрүшүндө кошумча жумуштарды аткаруу",- дейт Н.Султамбаев.

Кошумчалай кетсек, 2014-жылы өткөн I Дүйнөлүк көчмөнөр оюндарында ыктыярчылар Бишкектеги 7 жогорку окуу жайдын студенттеринен тандалып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: