super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Криштиану Роналду "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында Португалиянын олимпиадалык курамасына ойноодон баш тартты

 

Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына олимпиадалык курама менен баруудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, анда Португалиянын олимпиадалык курамасы Алжир, Гондурас жана Аргентина курамалары менен ойнойт.

Анын мелдешке катышуудан баш тартканына Европа чемпиондугуна катыша турганы себеп болгону айтылууда. Себеби Европа биринчилиги 10-июндан 10-июлга чейинки аралыкта Францияда өтөт. Олимпиада оюндары болсо 5-21-август аралыгында өтөт. Бул футболчунун жайкы эс алуусун бир топ кыскартып, кийинки футболдук сезонго даярдык көрүүсүнө кыйынчылык туудурат.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн курам катышат. Жобо боюнча команда курамын 23 жаш курагынан ашкан 3 футболчу менен толуктоо укугуна ээ.

Кыргыз мамлекетинин олимпиадалык курамасы Азия чемпиондугунун тандоо турунда утулуп, Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күрөшкө катышпай калган. Январь айында жаштар арасында Катарда өткөн Азия чемпиондугу ошол эле учурда Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеш болуп эсептелинген.

Кыргыз мамлекетинен Олимпиадага жолдомо алган азырынча 9 спортчу бар. Алар жеңил атлетчилер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жана мушкер Эркин Адылбек уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.04.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекистандан 68 спортчу барат экен Каримов айтиптир утсанар ар бирине бирден уй Анан иномарка жип машине белеке дептир Озбек бийлиги спортту Жана армияны колдойт Бизде болсо тетириси
15.04.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
beast,айтиптир, машине дегениңе караганда ошолорго жакын окшойсуң
15.04.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakaiBBBB, талкуудан алыстабаныз! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: