super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Ала качып турмуш кургандардын көбүнүн жашоосу ажырашуу менен аяктап жатат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ала качуу салтпы же кылмышпы?" деген тема талкууланды. Дегеле бул темага келгенде талаш-тартыш көп жаралат. Темада муну салт дегендер да, кылмыш деп караманча каршы чыккандар да болду.

"Ала качуу, албетте, кылмыш. Кыргыздын салтында ала качуу болгон эмес. Тагыраак айтканда, башкача формада болгон. Кыз-жигит бирин-бири жактырып калып, жигити кызынын колун анын ата-энесинен сураган учурда бербей койгондо кыздын макулдугу менен "уурдап" кетишкен. Кыскасы, ала качуу кыз-жигиттин макулдугу менен болгон. Азыр болсо көчөдөн көрүп эле уурдап кеткендер көп".

"Ала качуу илгери салт болгон. Аны кийин эле кылмыш деп чыга келишти. Ала качып жаткан учурда кыздын намысына шек келтирсе - бул кылмыш".

"Менимче, ала качуу эч кандай салт болгон эмес, ал айласыздыктан чыгуунун жолу болгон. "Кызды сурай албай уурдап алыптыр" деген сөздөргө калгандар да болгон. Ал эми башка элден да жылкы тийгенде атайын "олжо" кошо ала келишкен".

"Ала качып турмуш кургандардын көбүнүн жашоосу ажырашуу менен аяктап жатат".

"Чындык турат төбөбүздө, калп эмес,
Эптеп-септеп бүлө куруу шарт эмес.

Арта салып ыргыткандай улакты,

Ала качуу - келесоолук, салт эмес!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
18.04.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркексинби эркекче сүйлөшүп анан үйлөнүш керек тааныбаган кызды ала качсаң бактылуу болуш кыйын
18.04.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгери бардыгыле ала качып турмуш куруп бактылууу болуп жашагандар коп болгон.Коп балалууууда болушкан
18.04.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура
18.04.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер соз.
18.04.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар биринчи жуучу жиберип, куда түшүп, сөйкө салып, кыз оюнун өткөрүп, бардык шартын жасап анан алып кетчү да. "Эски замандын калдыгы", "эскичилик", "эски заманды көксөө" деп жүрүп муну да унуттук да. Балким, ушундан кийин пайда болгондур ала качуу деген нерсе, болбосо каадасы менен эле алышчу экен. Азыр байкап жүрөм, куда түшүп, сөйкө салып, колдон алып кетүү жанданып жатат.
18.04.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы суйу силердин эле атанар ала качып турмуш куруп жашап келе жататго ал мезгилде ыиман болгон азырчы андай нерсе жок суйунорда самапал беш жыл суйлошкондорда ажырашып жатат буга не дейсинер
18.04.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала качсан деле ажырашышат суйлошуп журуп тийсен деле ажырашышат
18.04.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи ала качып бактылуу болгондор деле бар ,бирок суйлошуп келишим тузуп нике куболук алып турмуш курса ажырашуу аз болоор дейм .Антпесе кочодон качырып кайра кочого таштап алар бойуна бутуп калса кочого таштап кетип жатышат.
19.04.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала качабы, сүйлөшүп турмуш курушабы баары бир эки адам бири-бирине сиңишип, жуурулушуп, бири-бирин түшүнүшүп кетмейинче бекем үй-бүлө курулбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: