super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эч ким уурдабаса, пара албаса, сойкулук кылбаса, ичкилик ичпесе, заман кантип бузулмак?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Заман өзгөрдүбү же адамдарбы?" деген тема талкууга алынды.

Темада автор мындай суроо салган: "Урматтуу форумчулар, заман өзгөрдүбү же адам өзгөрдүбү? Кээ бирөө замандын өзгөрүүсүнө адамды күнөөлөсө, кээ бирөө адамдын өзгөргөнүн заманга шылташат. Буга ким күнөөлүү?"

Темадагы жооптордон:

"Заман өзүнүн агымы менен агып жатат. Ошол эле секунда, ошол эле мүнөт. Адам баласы бир секунда дагы ойлонбой тура албайт. Ойлонуп, жакшы жашоо үчүн ар нерсени ойлоп таап жатат".

"Заманга жараша адамдар өзгөрдү, адамга жараша заман өзгөрдү. Биринчи адам баласы өзгөрдү, адам баласы өзү бузулуп, анан заманга шылтап коймой адатыбыз бар".

"Адам өзгөрбөсө заман кантип өзгөрмөк эле? Заман деген жаны жок нерсе. Анын өзгөрүүсүнө жандуу нерселер себепкер болушат. Ууру адамдар көбөйсө уурулар заманы, тууралар көбөйсө тууралар заманы, сойкулар көбөйсө сойкулар заманы болот. Эч ким уурдабаса, пара албаса, сойкулук кылбаса, ичкилик ичпесе, заман кантип бузулмак эле?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.04.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылкына ченеп ышкыр демекчи адамдар заманга карап озгоруу устундо. А бирок, ченемден тыш озгоргон адамдар коомчулуктун сынына кабылууда.
16.04.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Заман ордунда эле Адамдар озгорду десенер дейт менин бир чоооон энелерим,,,атам замандагыны айтпачы дешет ал заман башка азыр заман болок деп оной кутулуунун жолун таап алышкан,,,,
16.04.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Заман аябай жакшы жагына өзгөрдү. Баардык нерселер кол алдында, каалаган нерсеңи алсаң болот. Жашоого толук шарт түзүлдү. Заман оңолду. Эл бузулду.
16.04.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдардын пейили бузулду,ырк-ынтымак кетти. Коомчулук озгорду. Заман ордунда эле.
16.04.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кылымдан кылымга айтыла берчу соз. "Азыркы жаштар бузулду" деген созду биздин заманка чейинки эле Байыркы Грециянын ойчулдары жазып калтырып кетишкен экен...
16.04.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба адамдар озгоруп жатышат ушинтип кете берет акыр заманга чейин бул кураанда жазылган .
16.04.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50жылда эл жаны 50жылда жер жаны дегендей адамзат алга карай умтулуп жашап келет.Болбосо айфон 6 же самсунг S7 ди кайдан алмак эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: