super.kg logo

Москва шаарында тамак-ашка ууланган 73 куруучунун ичинен төртөө кыргыз жарандары

 

Москва шаарында тамак-ашка ууланган 73 куруучунун ичинен төртөө кыргыз жарандары. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

"Тамак-ашка жалпы 73 адам ууланган. "Тез жардам" аркылуу 63ү ооруканаларга жеткирилген, учурда ооруканада 49 адамга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. 4 кыргыз жараны да ооруканада, алардын абалы канааттандырарлык",- дейт Н.Сүйөркулов.

Эскерте кетсек, 13-апрелде аталган шаардагы жатаканалардын биринде Рублёв шоссесиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирин куруп жаткан 73 куруучу тамак-ашка ууланып калган. Алардын көпчүлүгү Тажикстандын жарандары болгон. Ошондой эле арасында өзбек жана кыргыз жарандары бар экени айтылган. Жатаканада ашкана жок болгондуктан, жетекчилери жеке фирма менен келишим түзүп, алар куруучуларды тамак-аш менен камсыз кылып турушкан. Кечки тамакты ичкенден кийин куруучулар өздөрүн жаман сезе башташкан. Аталган факт боюнча тиешелүү кызматкерлер тамактарды текшерүүгө алып, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.04.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кор болду кыргыз ар жерде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: