super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Курбумду ала качып кеткенде "досумду тартып алба" деп ыйлагам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Досуңа сырыңды ачпа, ал канчага чейин дос болорун билбейсиң" деген тема талкууланды.

Темада автор: "Ар бир жаныңда жүргөн адамды дос деп айта албайсың. Айрымдар "досуңа бардык эле нерсени айта бербе, анткени ал канчага чейин дос болорун билбейсиң" дешет. Силердин оюңар кандай?"- деп суроо салган.

Буга айтылган жооптор мындай:

"Досуңдун да досу бар. Бирок кимдир бирөөгө ичиңдегини айтып, тең бөлүшүп жеңилдейсиң да".

"Досуң - сенин бир тууганың".

"Сырларды көп эле айта бербеш керек. Бир күнү кайра өзүңө каршы колдонушат. Анан да "эч кимге айтпа" деп бир нерсе айтсаң, ал эч кимге айтпайт деген кепилдик жок".

"Менин бир жакын досум - курбу кызым бар. 7 жыл мурун эгиз козудай ээрчишип, аябай жакын элек. Бир күнү аны ала качып кетти. Артынан барып "досумду тартып алба" деп ыйлагам. Дос кызым да мага кошулуп "коё тур бир аз" деген күйөөсүнө. Элдер аябай күлүшкөн биздин жорукка".

"Аялың же күйөөң жок болсо да, досуң болсун".

"Жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун" деген макал бар го. Ошондуктан достун көп болгону жакшы. Жаманынын да, жакшысынын да бир күнү жардамы тийип калышы мүмкүн. Бирок, чынында, ички сырларды бардык эле доско айта бербөө керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
15.04.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакын дос бул апа жана бир тууган эже синдин.Сырынды досуна айткыча апана айт,ал эч кимге айтпайт.А досун бир куну сен айтканды баарибир башка досуна айтып койушу мумкун.Мен дайыма апам,синдим мн сырдашам уялбайм,бироого айтып коет деп кооптонбойм.Чогу ойноп кулгон,катташкан досторум толтура эле бирок,сырдашым досум эмес.
16.04.2016. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардан достоугу жок, дегеле азыр Басры акча мн ченелип калган
16.04.2016. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дос- бул мен учун эн кымбат инсандарымдын бири. Анткени менин балалыктагы , мектептеги досум ошого татыктуу.
16.04.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин бир да досум жок, чын дос жок бул жашоодо, ичине кирип сырынды билип, элдерге терен жаят досун!
16.04.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Аялың же күйөөң жок болсо да, досуң болсун"бул созго кошулбайм,дос сага эр же аял болуп бербейтта баары оз жолу менен,достун да досу болот,дос деп эле бардык сырыны айта берууго да болбойт.
19.04.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzburak87, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: