super.kg logo
  Саясат  

Эксперт: "Өкмөт электр энергиясынын баасын арзандатпай, ар кайсы шылтоону айтууда"

 

"Өкмөт электр энергиясынын баасын арзандатпай, ар кайсы шылтоону айтууда". Бул тууралуу SUPER.KG порталына энергетика маселелери боюнча адис Расул Умбеталиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 2014-жылдын ноябрь айында кабыл алынган токтомуна ылайык, 2015-жылдын 1-апрелинен тарта электр энергиясына болгон тарифтер кымбаттай баштаган. "Бул токтомдо электр энергиясынын баасы ички тариф менен импорттолгон электр энергиясынын баасынын суммасын түзөт. 2015-жылы кышында кыргыз тарап 411 миллион киловатт-саат электр энергиясын 2 миллиард 200 миллион сомго Казакстандан сатып алган. Төлөм толугу менен төлөнгөн эле. 2015-2016-жылдардын кышкы мезгилинде электр энергиясы импорттолгон эмес. Мындан улам тарифтен импорттолчу электр энергиясынын баасы алынышы керек болчу, бирок алынбай калган. Демек, өкмөт өзүнүн токтомун аткарбай койду. Отун-энергетика комплекси боюнча мамлекеттик агенттиги "мазут менен газдын баасы кымбаттап кетти" деп шылтоо айтууда. Бирок өкмөттүн аталган токтомунда импорттолчу электр энергиясы гана белгиленген. Мазут менен газдын электр энергиясынын тарифине эч кандай тиешеси жок",- деп түшүндүрдү адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: