СУПЕРСТАН: "Мырзалар алдынан сулуу кыз чыкса аялын, сүйгөнүн унутуп калышат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттердин көнүмүш адаттары" деген тема талкууга алынды.
Темадагы кызыктуу билдирүүлөрдөн:
"Үйгө бутун чечпей эле кирип кетишет. Кыздарга караганда көп ушакташышат. Акчасынын көбү тамекиге кетет".
"Кечинде саат 12 болсо деле көчөдө жүрө беришет. Сүйгөн кызын капа кылса да, машинасын капа кылбайт".
"Үйлөнгөнгө чейин "алтыным, арыктан этияттап атта" десе, үйлөнгөн соң "көзүңдү карап, арыктан этияттап өт, туфлиңди жыртасың" деп калат".
"Футболду көргөндө жеп жаткан тамагын башка адамдар жеп койгон болот".
"Байпактары көпчүлүк учурда "жагымдуу" жыттанат".
"Эркекче айтып жатам" деген сөздү көп колдонот".
"Алдынан сулуу кыз чыкса аялын, сүйгөнүн унутуп калышат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Минус басыптыр
Андыктан озундун кемчилигинди билбей
башкадан ката издебе!!!
жолдошум акчасын тамекиге кетиреби же кетирбейби ишим жок,
ал дагы мен канча сомго косметика алганыма кийлигишпейт.
Байпагы жагымдуу жыттанса ошончо тердеп жан куруп иштеп келгендин белгиси