super.kg logo

Бишкекте окуучулар карылардын жатак-үйүндө жана кароосуз калган балдар үйлөрүндө ишембилик өткөрүштү

 

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарында окуучулардын жана кесиптик лицейдин активисттеринин демилгеси менен ишембилик өттү. Иш-чара борбор калаанын мэри Албек Ибраимов мындай демилге менен чогулган окуучуларга ыраазычылык билдирүүсү менен башталды.

Ишембиликке борбордогу мектеп окуучуларынан турган 200дөн ашуун активист-лидерлер жана 4-кесиптик лицейинин окуучулары шаар аймагындагы карылар үйлөрүнө, кароосуз калган балдар үйүнө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар мектебине жана ушул сыяктуу 10 мекемеге барып, алар окуп же жашаган жайларды жууп, жыйнап, ишембилик өткөрүштү.

"Шаардык жаштар комитетинин мүчөлөрү "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деген ураан алдында ишембилик акциясын өз демилгеси менен көтөрүп чыгышты. Мэрия бизге чоң колдоо көрсөттү. Негизги максатыбыз бир аз да болсо жаштарды гумандуулукка, тазалыкка үгүттөө болуп саналат",- дейт Жаштар комитетинин координатору Акылай Койчуманова.

Социалдык мекемелердин жетекчилери жана эмгек жамааттары жаштарга ыраазычылыгын билдирип, бул сыяктуу кайрымдуулук иштерди жасоо балдардын тарбиясына да чоң таасирин тийгизерин айтышты. Ишембиликтин соңунда балдар №2-орто мектепте "Эрте келген турналар" тасмасын көрүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.04.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи иш-чара абдан туура ойлонулган. Маанисин жаштар эки мааниде кабыл алган чыгаар деген умуттомун.
Анткени карылар уйун жана кароосуз калган балдар уйун жууп-тазалап жатып аз да болсо тарбиялык мааниде бир сезим учкундары пайда болду болуу керек..... Кудайдан кайтат бул жакшы иштер...
16.04.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы.Озу 1айда 1 болбосода 4же 5айда ушундай иштер болуптурса андан да жакшы болмок.Бирок айрым кыздар чачтарын жайып алышып кантип иш кылышты экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: