ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: Мындан 42 жыл мурун англиялык ырчы, модель, актриса, дизайнер Виктория Бекхэм туулган



1974-жылы 17-апрелде англиялык ырчы, бийчи, модель, актриса, дизайнер Виктория Бекхэм Англиянын Хартфордшир графтыгында туулган. Толук аты-жөнү - Виктория Керолайн Адамс Бекхэм. Ал Англиядагы театралдык мектепти бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон эмес.
Атактуулукту алып келген "Калемпир кыздар" ("Spice Girls") тобуна 17 жаштагы Вики кастинг аркылуу келип калган. Анын татынакай келбети, тунук үнү калыстардын жүрөгүнөн орун алып, 1994-жылы топко алынат. 1996-жылы топтун алгачкы "Каалайсыңбы?" ("Wannabe?") деп аталган сингли Улуу Британия, АКШ жана башка 29 мамлекеттин музыкалык чарттарынын алдынкы орундарын ээлеген. Кыска кара көйнөк жана шиш така кийип көзгө урунган Виктория эл арасында Укмуштуу Вики (Posh Viki) деген атка ээ болгон. Топ 1990-жылдарда популярдуулуктун туу чокусун багындырып, учурунда 55 миллион ырлар жыйнагын сатканга үлгүргөн.
"Түбөлүк" ("Forever") деп аталган үчүнчү альбому мурункуларга салыштырмалуу ийгиликсиз болуп, кыздар чыгармачылыктан алыстай түшүшөт. 2007-жылы ырчы кыздар кайра биригип, гастролго аттанышат. "Калемпир кыздар" деген аттын күчү мененби, айтор, турдан ар бири 20 миллион доллар иштеп калганын айтып келишет. Көп өтпөй легендага айланган топ ишмердүүлүгүн токтоткон. Виктория болсо артка кайтпай, дүйнөлүк шоу чөйрөгө жалгыз киришкен.
Виктория Бекхэм атактуу футболчу Дэвид Бекхэмге турмушка чыгып, 1999-жылы Бруклин аттуу уулдуу болушкан. Ошол эле жылдын 4-июлунда укмуштуу той өткөрүп, ага 800 миң доллар чыгым кеткен дешет. 2002-жылы Ромео, 2005-жылы Круз деген уулдары жарык дүйнөгө келсе, 2011-жылы Харпер аттуу кыздуу болушкан.
17-апрелдин жылнаамаасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Genar.benicio

17.04.2016. 21:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Браво,браво суктанаарлык адамдар эээх Европа европа
ady-88

17.04.2016. 21:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Европанын жакшы жана жаман жактары бар.
kaidiger

17.04.2016. 22:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОО кудай ылайым эле мен дагы 42ге чыкканда келбетим ушул аялдай болуп турсам экен
diaz

18.04.2016. 12:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaidiger,азыртан еле козун жетпей калган окшой ее
barsa30

17.04.2016. 22:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бексти сыйлайм го!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.