Түркияга жасалма паспорт менен кетүүгө камынып жаткан жаран колго түштү

Кыргыз Республикасынын аймагынан жасалма паспорт менен чет өлкөгө учуп кетүүгө камынып жаткан жаран колго түшкөнүн Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 17-апрелде "Манас" аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү жайында текшерүү учурунда чек арачылар бир жарандын паспорту жасалма экенин көрүшкөн. Ал жаран жасалма паспорт менен Түркиянын Стамбул шаарына барууну көздөгөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.