Мэрия: "Ала-Тоо" аянтына отургузулган гүлдөрдү жулуп кетишти, алар учурда изделүүдө" (фоторепортаж)





















Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датка жана Манас айкелдеринин айланасына отургузулган жоогазынды белгисиз адамдар жулуп кетишти. Ушул тапта мэрия гүлдөрдү жулуп кеткен адамдарды издеп жатканын мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG'ге билдирди.
Анын айтымында, гүлдөрдү жулуп жаткан адамдар камерага тартылып калган. "Гүлдөрдү 17-апрелден 18-апрелге караган түнү жулуп кетишиптир. Бул ишти кимдер жасашканы азырынча белгисиз, бирок баары камерага тартылган. Мэр тапшырма берди, биз азыр издеп жатабыз",- деди ал.
Жалпы 22 842 баш жоогазын отургузулуп, ага 359 305 сом сарпталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Гулду узуп кетти, камераны сындырып кетти, Жол чырактарды таш менен уруп сындырды, айта берсен соз коп . ХХХ ХХХ уяты жок адамдар ушулар ойлонбойбу, жок дегенде ушуга окшогон нерселерди жон койсо Кыргызстанга пайдасы тийген ошол.
22842х100=22842000 ушундай болуш керек, ар бир гулду базардагыдан эки эсе жогорку баалаш керек!!!