super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу менен кыргыз-түрк ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты талкуулады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-апрелде Түркиянын Соода биржалары жана палаталары бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-түрк ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Алмазбек Атамбаев жана Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу ошондой эле түркиялык компаниялардын Кыргыз Республикасындагы ишмердигине жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялар үчүн шарттарды жакшыртуу максатында экономикалык эркиндикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан аткарылып жаткан иштерге да көңүл бурушту.

Кыргыз мамлекетинин Евразия экономикалык биримдигине кириши жана Евробиримдик тарабынан артыкчылык (ВСП+) макамынын берилиши менен өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын эске алуу менен эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн мааниси белгиленди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: