super.kg logo

Япониядагы төрт кыргыз жараны коопсуз жайга көчүрүлдү

 

Япониянын Кумамото шаарында жер титирөө дагы болушу мүмкүн деген негизде аталган өлкөдөгү элчилик төрт кыргыз жаранын 17-апрелде эвакуациялады. Учурда алар элчиликтин имаратында турушат. Тышкы иштер министрлигинен 18-апрелде кабарлашкандай, экөө жаш балдар.

Ал эми жер титирөөдөн анча катуу жабыр тартпаган Оита аймагында дагы 20дай кыргыз жараны бар. Алардын көпчүлүгү гранттык негизде билим алып жаткан мамлекеттик кызматкерлер. Куткаруу тобу кыргыз жарандарын коопсуз жайга көчүрүп, абал турукташкандан кийин кайра өз үйлөрүнө алып келишкен.

Эскерте кетсек, Япониянын түштүк-батыш тарабындагы Кюсю аралында жайгашкан Кумамото шаарында 14-апрелде 7, 16-апрелде 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен каза болгон адамдардын саны 42ге жетти. Имараттар кыйроого учурап, 400дөй адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кээ бир кыйроолор тилкесинде өрт токтобой жаткандыгынан улам газ берүү токтотулуп, электр жарыгы өчүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.04.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын жер титироодон((
18.04.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Япондор мусулман эмес, ошон үчүн жер титирей берет
18.04.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazar,анда кыргызстанда эмне учун титирейт????
18.04.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salam.kyrgyzstan,Себеби биз Аллахтын бар экенин жана намаз окуш керектигин билип туруп аны кылбай копчулугу сойку болуп зына кылып журот аял дебей каары дебей ичип журот.Анан жер титиреп Аллах эскертуу берип жататда аны тушунбой атабыз адамзат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: