Спортчу Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды

16-апрелде Ташкентте өткөн дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий коло медаль тагынды. Спортчу 100 килограммдан жогорку салмакта татамиге чыгып, алгач таиланддык Юеа Он Куначипти утту. Жарым финалдык беттеште ал өзбек спортчусу Абдулло Тангериевге утулуп калды. Бул тууралуу КРнын Дзюдо федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ю.Краковецкий коло байге үчүн болгон беттеште түштүк кореялык Ким Сунг Мин менен кармашып, жеңип алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.