super.kg logo

Бишкек милициясы: "Көк-Жар жаңы конушунда болгон жол кырсыктарына жолдун оңдолуп жатканы себеп болушу мүмкүн"

 

15-апрелде 22:30 чамасында Аламүдүн районундагы Шабдан баатыр көчөсүндө КамАЗ жеңил унааны сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапкан. 16-апрелде да аталган жайда эки унаа кагышканын күбөлөр SUPER.KG'ге билдиришкен.

Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнүн башчысы Каныбек Сулайманов экинчи катталган жол кырсыгы боюнча патрулдук милицияга эч кандай маалымат жетпегенин айтты. Ал бул жайда болгон жол кырсыктары Көк-Жар жаңы конушунда жолдун оңдолуп жатканына байланыштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 15-апрелдеги жол кырсыгында 3 чиркегичи менен картошка жүктөп келаткан КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып, жолдо келаткан Хонда Фит унаасын сүзгөн. Натыйжада Хонда Фит жол боюндагы арыкка түшүп, анын үстүнөн КамАЗ басып калган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жеңил унаанын ичинде 5 адам болгон, алардын экөө оор жаракаттардан улам каза болуп, калгандары оор жаракат алышкан.

“15-апрелде болгон кырсык боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Айдоочу жана күбөлөр, оңдолуп жаткан жолдо тиешелүү белгилер жана көчө жарыктары жок экендигин айтып жатышат. Балким, кырсык ошол себептен болгондур. Айрымдар унаанын токтоткучу (тормоз) кармабай калып кокустук болуп кеткенин айтышууда, бирок экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча эч нерсе айта албайбыз”,- дейт Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.04.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба жолчулардын куноосу бар. Жарым жолду тоскондон кийин, жол жабык ылдамдыкты 20 же 30 км менен айдагыла деген белгилерден 50 метр алыстыкта илиши керек эле. Класташ балам айтып аткан ошол кырсык брлгондон кийин эртен менен илишиптир аран знактарды шашып деп
19.04.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баары коррупциянын айынан. Жол эрежесин окубай туруп айдоочулук күбөлук алгандар. Алар керек болсо, жол белгилерин тынгылыктуу да билишпейт. 95%ы окубай алгандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: