Өмүрбек Текебаев "Ата Мекендин" жыйынындагы жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын айтты

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында парламенттин төрагалыгына талапкерди сунуштоо боюнча жашыруун добуш берүү өттү. Бул тууралуу фракция лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, фракция добуш берүүнүн жыйынтыгында эки талапкер "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевди жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууну чечти. "Эки талапкер тең татыктуу, экөө тең жаш. Экөө тең мамлекетибиздин келечеги үчүн жарай турган азаматтардан. Экөөнү тең Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууну чечтик. Алар палатада өз программалары менен депутаттарды тааныштырат. Кимиси төрагалыкка шайланат, муну Жогорку Кеңеш чечет",- деди Текебаев.
Ал эми Текебаев фракциянын жыйынында жашыруун добуш берүүдө өзү кимге добуш бергенин айтпай койду. Мындан тышкары "Ата Мекендин" лидери төрагалыкка талапкерлерди сунуштоо боюнча коалициялык көпчүлүк чогулбай турганын баса белгиледи.
Текебаевдин ЖКнын төрагасын шайлоо боюнча пикири

