super.kg logo
  Саясат  

Шыкмаматов төрагалыкка жашыруун добуш берүүдө Текебаев кимдин талапкерлигин колдогонун айтып койду

 

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттин төрагасы кызматына "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде журналисттерге "Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, фракциянын жыйынындагы жашыруун добуш берүүгө 10 адам катышты. "Аида Салянова болгон жок. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эки талапкер (Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев) 5 добуштан ээ болушту. Ошентип, "Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин кароосуна төрагалыкка эки талапкерди сунуштамакчы",- деди Шыкмаматов.

Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков анын агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев же "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатат.






Шыкмаматов Текебаев төрагалыкка кимге добуш бергенин айтып койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: