super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 19-АПРЕЛЬ: Орусиялык чыгаан теннисчи Мария Шарапова 29 жашка толду

 
19-апрелде 1987-жылы орусиялык теннисчи Мария Шарапова туулган. Ал Сибирдин Нягань шаарында төрөлгөнү менен, чоң тенниске аралашып, Москвага көчкөн. Көп өтпөй Мариянын бул жаатта ийгиликтүү болоруна көзү жеткен ата-энеси аны Америкада жайгашкан Ник Боллетьеринин теннис академиясына алып келишкен.
Мария Шарапова 2001-жылы профессионалдык тенниске өткөн. 16 жашында Мария Кыз-келиндер теннис ассоциациясынын эң күчтүү жаңы оюнчусуна айланган. Ошондон баштап Мариянын спорттук карьерасы өсүп-өнүгүп отуруп бир топ жеңиштерди багынткан.
Мария Шарапова теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген төрт мелдеште тең жеңишке жетишкен. Ал 2004-жылы Уимблдон мелдешин, 2006-жылы АКШнын Ачык биринчилигин, 2008-жылы Австралиянын Ачык биринчилигин, 2012 жана 2014-жылы Франциянын Ачык чемпиондугун утуп алган. "Лондон-2012" Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.
2016-жылы спортчунун карьерасында чоң бурулуш болду. Мартта анын допинг тесттин жыйынтыгында мельдоний препаратын колдонгону аныкталды. Бул окуяга байланыштуу спортчу менен "Nike" компаниясы жана унаа чыгарып келген "Porsche" компаниясы келишимди бузду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: