"Тамашоучу" Бакыт Осмонканов үйлөндү












Бүгүн, 28-мартта "Тамашоу" долбоорундагы "Моника Беллуччи" командасынын оюнчусу Бакыт Осмонканов үйлөндү. Тамашакөй жигит Жылдыз аттуу сулууга баш кошту. Алгач кыргыздын салтын улай кызды үйүнөн алып чыгып, шаардагы Жеңиш сейил багындагы өчпөс отко барышты. Үлпөт тойго келген коноктордун баары эки жашка каалоо-тилектерди жаадырышты. Той борбордогу кафелердин биринде уланып жатат. Айта кетчү нерсе, "Тамашоудогу" бойдок жигиттердин баары тойго бирден сулуу кыз жетелеп келишти.
Тамашоучу Бакыт үйлөндү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
5

Бактылуу болушсун! Куш боонор БЕК болсун!