Караганды облусунда суу ташкындап, анын кесепетинен 1760 үй суу алдында калды







Казакстандын Караганды облусунда суу ташкындап, анын кесепетинен 1760 үй суу алдында калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 12-апрелден баштап бүгүнкү күнгө чейин аталган облуста 35 айыл суу ташкынга кабылып, 4 миң адам коопсуз жайларга чыгарылды. Окуя болгон жерде куткаруучулар күнү-түнү иш алып барып, сууну сордуруу иштерин жүргүзүшүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, суу ташкындын кесепетинен 340 баш мал суунун астында калган. Соналы айылында электр жарыгы өчүп, ал маселени калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Тынчтык эле болсунчу.