КҮНСЕРЕП: Жыргал жашоо 2020-жылга жылдырылды
Бүгүн, 19-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңеш мурунку чакырылыштын депутаттары кабыл алган мыйзамдарды оңдоо менен убара. Жакында гана кабыл алынып, сыясы кургай элек мыйзамдарды "жараксыз" деп таап жатышат. Демек, акыркы жылдары мамлекеттин мыйзамдык базасы чийки документтер менен толтурулуп келгени көрүнүүдө. Сөздү ошондой "төрөлбөй жатып өлгөн" мыйзамдардын биринин мисалында уланталы... ИИМ автокырсыктардын 80-90 пайызына тамырлашып кеткен коррупцияны эмес, оң рулдуу автоунааларды күнөөлөп кыйкырып жүрүп, акыры парламент андай унааларды такси катары колдонууга 2016-жылдан тарта тыюу салып тынган. Коомчулуктун "Оң рулдуу автоунаалары менен иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндөр жумушсуз калышабы? Жолдогу кырсыктарды азайтуу үчүн ириде паракорчулукту, мыйзамдар баарына бирдей иштебеген системди оңдоо керек" деген үнүнө көңүл бөлүнгөн эмес.
Бирок жыл айланбай иштеп жарытпай турган мыйзам кабыл алынганын Жогорку Кеңеш моюнга алууга аргасыз болду, анткени элдин нан таап жанын бага турган булактары көп эмес, саналуу гана. Ошолордун бири - Япониядан салыштырмалуу түрдө арзан баада келген, чыгарылган жылы жаңы, оң рулдуу автоунааларын пайдаланып жан багуу. Каржылык каатчылык, Орусияда иштеп жаткан мигранттардан келүүчү акча которуулар кескин азайган маалда бүгүнкү парламент "эл даяр эмес экен, мыйзам эртерээк кабыл алынып калыптыр" деп документти 2020-жылдан тарта күчүнө киргизүү чечимин кабыл алды. 2020-жылы эл жыргап кетеби же мындан жаман абалга түшөбү, ал кийинки чакырылыштын баш оорусу болот...
Оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган мыйзам 2015-жылдын 3-июнунда күчүнө кирип, андай унааларды каттоо да токтотулган. Сатыкка алып келген автоунааларын каттоодон өткөрүүгө жетишпей калып "күйүп" кеткендер болду. Парламенттин тийиштүү комитети бүгүн ошол мыйзамды өзгөртүү демилгесин экинчи окууда жактырды. Тагыраагы, автоунааларын каттоодон өткөрүүгө жетишпей калгандарга дагы мүмкүнчүлүк берилмекчи. Бул демилге дагы Жогорку Кеңеште мыйзамдардын чала жан иштелип чыгып, кабыл алынып, иш жүзүндө жашап кете албай жатканын, депутаттык корпустун чабалдыгын далилдейт.
Депутаттар 2015-жылы кабыл алынган автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзамды да өзгөрткөнү жатышат.
Бишкекте дарыгердин шалаакылыгынан эмчегинин бири жаңылыш кесилген айымга кайрадан операция жасоо убадасы аткарылбай жатат. Жабырлануучу Гүлзина Байтаеванын билдиришинче, кезектеги операцияны Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери бекер жасай турганы айтылып, бирок аткарылбай келүүдө.
Операция учурунда бейтаптын эмчегин кесип салган хирург Зинаида Карабековага кылмыш иши ачылып, бирок көп өтпөй жабылып калган. Башында "медицина кызматкери катары өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарган эмес" деп айыпталган хирург азыркы учурга чейин мурунку кызматында иштеп келе жатат. Ачылган кылмыш иши орто жолдо "далилдер жетишсиз" деген шылтоо менен жабылып калганы айтылды. Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун эмчеги себепсиз кесилгени тууралуу корутунду чыгарып берген. Мындай корутунду дагы кылмыш ишинин жабылып калышына тоскоолдук кыла алган эмес. Бул иштин акырына чыгууга баарынан мурун Саламаттыкты сактоо министрлиги кызыкдар болуп, кызматкер ката кетирсе тийиштүү чара көрүлүшүн колдоосу керек эле. Андай болгон жок. Атүгүл аялдын соо мүчөсүн жаңылыш кесип алган соң, аны кайра калыбына келтирип берүүгө да кайдыгер мамиле жасалууда.
Кыргызстанда медицина тармагында дарыгерлердин шалаакылыгынан жабыр тарткандар көп, жаза алгандар жокко эсе. Мисалы, 2015-жылдын 10-декабрында төрөт учурунда 29 жаштагы Аида Борулдаева каза болгон. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү экенин айтып чыгышкан. Бирок 4-төрөткананын жетекчиси Бурул Алмазбекова айтылган айыптоолорду четке каккан. Мындан тышкары былтыр борбор шаардагы Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери "бейтаптын соо көзүнө операция жасаган" деп айыпталышкан. Бирок бул фактыларда врачтар жоопко тартылышкан жок. Атүгүл "3-4 күндүк өмүрү калды" деп Азиз Батукаевдей коркунучтуу кылмышкерди абактан чыгарып жиберүүгө кол коюп бергендер да жаза алышкан жок. Андан бери 3 күн эмес, 3 жыл убакыт өттү, Батукаев аман-эсен.
Хирург Карабекова окуя тууралуу комментарий берүүдөн качты...
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова коррупциялык кылмыш тууралуу укук коргоо органдарына маалымат берген адамдарды сыйлоону сунуштап жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорунун концепциясы бүгүн парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде жактырылды. Долбоорго ылайык, маалымат берген адамга пара катары берилген акчанын 30 пайызын берүү сунушталууда. Бирок материалдык сыйлоонун өлчөмү 100 миң сомдон ашпоого тийиш деген норма да каралууда. Маалымат берген адамды 3 жылга чейин кызматынан төмөндөтпөө чарасы да каралып жатканы белгилүү болду.
Бул мыйзамдын коркунучтуу да тарабы бар. Ал бири-биринен өч алуу же ушундай жол менен акча иштөө өңдүү максаттарда кайсы бир адамдардын кызыкчылыгына иштеп башташы мүмкүн.



