super.kg logo

Дарыгерлердин шалаакылыгынан бир эмчеги кесилген Гүлзина Байтаевага дарыгер кийинки операцияны бекер жасоону убада кылды

 

Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам бир эмчеги жаңылыш кесилген Гүлзина Байтаевага кезектеги операцияны КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги бекер жасайт. Бул тууралуу маалыматты Улуттук онкологиялык борбордон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, бул үчүн Гүлзина тиешелүү анализдерди тапшырууга тийиш.

Гүлзина билдиргендей, Улуттук онкологиялык борбордун башкы дарыгери Бакыт Шаимбетов кийинки операцияны өзү жасоону убада кылган. Бирок, муну көп убакыттан бери ишке ашыра элек.

 

Кошумчалай кетсек, жаңылыш операция 2014-жылдын 6-июнунда болгон. Операциянын курмандыгы буга Улуттук онкология борборунун хирургу Зинаида Карабекованы күнөөлөп келет. "Мага УЗИнин жыйынтыгы боюнча болжол менен "эмчек шишиги " деген диагноз коюлган. Хирург шишикти 7 мүнөт текшерүүгө алып, эгер диагноз туура эмес болсо, эмчегимди кайра тигип койсо болмок. Бирок хирург аны алып салган",- деген эле ал.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан соң КРнын Президентинин аппараты бул ишти калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштаган.

Гүлзинанын айтымында, бул жаңылыш операцияны жасаган Зинаида Карабековага кылмыш иши козголгону айтылган, бирок учурда ал тергөө ишинен дайын жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.04.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай шалакылык учун,дарыгерлерди катуу жазалаш керек да.Туштон кийин жазалган операциянын кереги барбы?Бул оюнчук эмес да.
19.04.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекер операция кылып беребиз деп оной эле кутулуп кеткилери бар, керек болсо акча толоп бериш керек Гулзинага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: