Бишкекте мас абалдагы айдоочу зым карагайды сүзүп, өзү жана жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алды
Бишкекте катталган жол кырсыгында 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мекемеге "саат 01:52 чамасында Лев Толстой жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери мас абалдагы айдоочу зым карагайды сүзүп, 30 жаштагы айдоочу башынан оор жаракат алганын жана 25 жаштагы жүргүнчүсү баш сөөгүнөн, бетинен ар түрдүү жаракаттарды алганын, баш мээси чайкалганын аныкташкан. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, жабырлануучулар ооруканага жеткирилишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.