super.kg logo

"Эмчегимди калыбына келтирүүдө белден эт алып, анан жасалма эмчек орнотуу керек экен" дейт Гүлзина Байтаева

 

"Эмчегимди калыбына келтирүүдө белден эт алып, анан жасалма эмчек орнотуу керек экен",- дейт Гүлзина Байтаева. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Эми кароодон өтө баштайм. Жыйынтыгы кандай болору белгисиз. Бирок калыпка келтирүүдө да, укук коргоо органдарынан адилеттүүлүктү талап кылууда да акырына чейин турам. Арыз менен күч органдарына кайрылганда алардын иш-аракеттери туура эмес экендиги аныкталып, бирок дарыгерге карата эч кандай чара көрүлбөй келүүдө. Зинаида Карабекова Улуттук онкология борборунда, ордунда эле иштеп жатат. Мага окшогон дагы канча бейтаптын ден соолугун бузуп, жашоосуна балта чабат... Мен ошого кабатырланам",- деди 27 жаштагы Гүлзина.

Кошумчалай кетсек, жаңылыш операция 2014-жылдын 6-июнунда болгон. Операциянын курмандыгы буга Улуттук онкология борборунун хирургу Зинаида Карабекованы күнөөлөп келет. "Мага УЗИнин жыйынтыгы боюнча болжол менен "эмчек шишиги" деген диагноз коюлган. Хирург шишикти 7 мүнөт текшерүүгө алып, эгер диагноз туура эмес болсо, эмчегимди кайра тигип койсо болмок. Бирок хирург аны алып салган",- деген эле ал.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан соң КРнын Президентинин аппараты бул ишти калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштаган.

Гүлзинанын айтымында, бул жаңылыш операцияны жасаган Зинаида Карабековага кылмыш иши козголгону айтылган, бирок учурда ал тергөө ишинен дайын жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.04.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин Улуттук онкология бул олумго тээзиреек жонотучу жай ( акчасын даары дармегин айтбай эле туурайын) мен окмот болгондо жабат элем эл да макул болот эле.СНБ текшергиле.Мисалы болгон окуя 2014 жыл бир палатада 6 адам жатта 6 айда баары олду 23 тон 54 курака чейин болчу.
19.04.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
travma,ооба бизде коррупция аябай онуккон бирок рактан айыгып кеткендер дуйно жузу боюнча деле аябай аз жадагалса медицинасы онуккон америка германия израиль сыяктуу олколордо деле олуп калып атышпайбы рактан. Анын устуно биз кыргыздар рактын 3-4 (финальная)стадиясында гана барабыз такыр ооруп чыдабай калганыбызда
19.04.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул жердеги врачтарга биринчи оорун да акча болуп калган себеби онкология дегенде ден соолук результат кызыктырбайт
19.04.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шоругу каткан турбайбы.........
19.04.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билимсиз элге зияны тийген врач болгончо жон эле журбоптур.
19.04.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул онкологияда ыраматылык атамда 2 жыл дарыланган азыр эстесем денем зыркырап кетет
19.04.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
окууну акча мн буткондор секин секин келе баштады
20.04.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иммуногистохимия анализи кылынбаганына байланыштуу канча омурлор туура эмес дарыланып жатышат,Россияга салыштырмалуу онкологиябыз 20жыл артта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: