super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда эки депутат айым кайым айтышты

 

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин отурумунда комитеттин төрайымы Галина Скрипкина менен депутат Чолпон Жакупова кайым айтышты.

Жыйында акыйкатчы Кубат Оторбаев «2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» отчёт берип жаткан. Депутат Жакупова баяндамачыдан АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кыргыз Республикасындагы адам укуктары боюнча баяндамасы тууралуу суроо берди. «Сиз бул баяндаманы окудуңузбу? Анын кайсы бөлүгүндө сиздин отчётуңуз менен келишпестик бар?»- деп акыйкатчыдан сурады депутат.

Акыйкатчынын айтымында, ал «Кыргыз Республикасында адам укуктары корголбой жатат» деген АКШнын Мамлекеттик департаментинин жыйынтыгына макул эмес.

Комитеттин төрайымы Галина Скрипкина «акыйкатчы аталган баяндама боюнча суроого жооп берүүгө милдеттүү эмес» дегенде, Чолпон Жакупова буга нааразы болду. «Акыйкатчы өзү сүйлөй алат. Өзү жооп берсин»,- деди Жакупова.

«Акыйкатчы өзүнүн отчёту менен келди, АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасы менен эмес. Сиздин суроого жооп берүүгө милдеттүү эмес»,- деди Скрипкина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: