super.kg logo

Чернобыль апаатында жабыр тарткан кыргыз жарандарына 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин акчалай жардам каралды

 

Быйыл Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылууга 30 жыл толот. Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган апааттын кесепеттерин жойгонго катышкан, жабыр тарткандарга быйыл 20 миң сомдон 30 миң сомго чейинки суммадагы акчалай жардам көрсөтүлөт. Бул үчүн республикалык бюджеттен 47 миллион сомго жакын каражат бөлүндү.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, буга катар алар ай сайын 1000 сомдон 7000 сомго чейин жардам алып турушат.

Кошумчалай кетсек, 26-апрелде жыл сайын КМШнын аймагында Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышып, радиациянын залалынан ар кандай дарттарга кабылып каза тапкандар эскерилет. Ошондой эле аталган апаатта жабыр тарткандарга ар кандай жардам көрсөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.04.2016. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ тиешелуу болумго жеткиресиздер деген ойдомун Ушул Чернобыль апаатына канча кыргыз жараны катышкан жана алардан канча адам тируу бизде жана аларга мамлекеттен кандай жардамдар корсотулуп келет кенениреек маалымат берип гезитке жарыяласаныздар жакшы болмок.деги эле Чернобыль апааты тууралуу билбегендер коп бирок бул апаатта кызмат корсоткон адамдар четте калбашы керек!
21.04.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi-95_95_95, саламатсызбы! Кабарда кандай жардам көрсөтүлүп жатканы тууралуу жазылган. Ал эми андан бөлөк сунуштарыңыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: