Министр: "Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөөгө жарым миллиард сомду өлкөнүн Улуттук банкы бөлүп берет"
Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөөгө акча каражатын Улуттук банк бөлүп берет. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда маалымдады.
Анын айтымында, жолду оңдоп-түзөө иштерине Улуттук банк тарабынан 500 миллион сом бөлүнөт. "Былтыр валюталык операциялардын жыйынтыгында Улуттук банк 900 миллион сом киреше тапкан. Бул каражат республикалык бюджетке которулган",- деди министр.
Айта кетсек, Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулушуна байланышкан чуудан улам Темир Сариев премьер-министрликтен жана Аргынбек Малабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















