Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо өтөт
Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төраганы шайлоо өтөт. Депутаттар эки талапкер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевдин, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигине же экөөнө тең каршы добуш бере алышат. Талапкерлер коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү. Оппозициялык фракциялар "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" төрагалыкка талапкерди сунуштоодон баш тартышкан.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Төрага болууга 120 добуштан 61ин топтоо жетиштүү. Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















