"Колонияларда отурган ар экинчи адам оор баңгизатты колдонот" деген маалыматты Жаза аткаруу кызматы четке какты
Бүгүнкү күндө өлкөнүн түзөтүү колонияларында отургандардын 8 пайызы гана баңгизаттан көз каранды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"19-апрелде өткөн маалымат жыйынында Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев журналисттерге "колонияларда отурган ар экинчи адам оор баңгизатты колдонот" деп айткан. Бирок колонияларда отургандардын 8 пайызы гана баңгизаттан көз каранды. Алардын бир бөлүгү (3,1 пайыз) каттоодо турат, дагы бир бөлүгү (4,9 пайыз) метадон терапиясынан өтүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.