super.kg logo

Токтогулда жаңы төрөлгөн ымыркайдын дааратканага ташталганы боюнча тергөө аяктап, шектүү келиндин иши сотко өттү

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда "жаңы төрөлгөн ымыркайын дааратканага таштаган" делген келиндин иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин бүтүрүп, тиешелүү материалдарды сотко өткөрүп беришти.

Айта кетсек, окуя 27-январда саат 21:47 чамасында болгон. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келишкен.

Даараткананын жанында көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Ал жерде жүргөн жашоочулар кечинде баланын ыйлаган үнүн угуп калышкан. Дааратканадан ымыркайды жергиликтүү тургун Жапар уулу Асанкул чыгарып, дарыгерлерге берген. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү аял кармалган. Анын мурун ажырашканы жана бир баланы тарбиялап келгени аныкталды.
Мындан тышкары ымыркай маалына жетип, 2 килограмм 535 грамм салмакта төрөлгөнү белгилүү. Аны дааратканага таштаган энеге карата "жаңы төрөлгөн баласынын өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Энелик укуктан ажыратылышы боюнча маселени социалдык органдар карашмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.04.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не болуп эле баратат ,балдарын тууп туалетке ыргытса ,итке жедирсе ,окмот жаны закон чыгарса болмок ушундай кылгандарды атууга берсе болмок ,бул корунуш кайталана берет
20.04.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол баланын кусуру урсун,багууга мумкунчулук жокпу,деддомго бербейсинби акмак.эртен баланс чонойсо бетине кандай карайсын
20.04.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оооо бул кандай таш боор эне!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: