Эквадордо каза болгондордун саны 500гө жетти (фото)
















Эквадор мамлекетинин Муисне шаарында орун алган жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 500гө жетти. Чет элдик ММКлар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берип, каза болгондордун саны мындан да өсүүсү мүмкүн экенин жазышууда. Жалпы 2500дөй адам жаракат алган болсо, айрымдарынын абалы дале оор бойдон. Дагы 1700 адам дайынсыз болуп жатат. Алардын көбү уранды астында болушу мүмкүн экени айтылууда.
Эскерте кетсек, жер титирөө 17-апрелде болуп, күчү 7,8 баллга жеткен.
Эквадордо күчтүүлүгү 7,8 баллга жеткен жер силкинүүдөн 238дей адам каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Тиешелүү министрликтен жооп келсе, жарыялайбыз.
Көйгөй тууралуу адистерге кабарлап койдук. Жакын арада оңдошот.