Ооганстандын Кабул шаарында экинчи ирет жардыруу болду

Ооганстандын Кабул шаарында экинчи ирет жардыруу катталды. Ал Шерпур аймагындагы мамлекеттин вице-президенти, генерал Абдула-Рашид Дустумдун үйүнүн жанында болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде чет элдик басылмалар жергиликтүү парламенттин депутаты Элай Эршадга шилтеме берип жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кечээ кечинде катталган жардыруудан жабырлануучулар болгон жок. Жардыруучу зат жердин астына катылып, ошол жактан жарылганын Коргоо министрлиги билдиргени маалыматта айтылат.
Эскерте кетсек, кечээ, 19-апрелде эртең менен да Ооганстандын борборунда жарылуучу зат салынган унаа жарылып, анын кесепетинен 28 адам каза болуп, 320 адам жарадар болгон.
Кабулда жардыруу болду, каза болгондор бар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Рахмат, ката оңдолду. Тасманын 5 секунддук трейлеринен соң кабарга байланыштуу видеону көрө аласыз.