super.kg logo
  Саясат  

Парламент төрагалыгына талапкер Исаев: "Эгер төрагалыкка шайлабасаңар да, элдин кызыкчылыгы үчүн иштейм"

 

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо өтүүдө. Анда эки талапкер: "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев өз программалары менен депутаттарды тааныштырууда.

Жыйындын башында биринчи сөз Бакыт Төрөбаевге берилген. Андан соң Канат Исаев сүйлөдү. Анын айтымында, 6 жыл ичинде депутаттардын деңгээли бир топ өстү. "Мурда райондор менен бөлүшүп, фракциялар түзүлчү. Бирок жакында жергиликтүү кеңешти шайлоо боюнча министрлерди чакырган жокпуз. Кеңештердин фракцияларын бекитип бердик. Мындай көрүнүш акырындык менен парламент маданиятынын өскөндүгүнүн белгиси",- деди Исаев.

Мындан тышкары талапкер эгер төрагалыкка шайланбай калса да, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын баса белгиледи. "Биздин негизги максатыбыз - жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Биз биргелешип, ынтымакта иш жүргүзүшүбүз зарыл",- деди Исаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: