Кара-Балта шаарында бир тууган агасын бычактап өлтүрүүгө шектелген 25 жаштагы жаран кармалды

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында бир тууган агасын бычактап өлтүрүүгө шектелген 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында 38 жаштагы Б.Н. аттуу жаран 25 жаштагы Б.Ж. аттуу инисинин үйүнө келген. Бир туугандар спирттик ичимдиктерди ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам ортодо уруш чыгып, иниси ашкана бычагы менен агасын бир нече жолу сайып жиберген. Оор жаракаттардан улам кан көп кетип, жабырлануучу каза болуп калган. Кылмышка шектүү катары кармалган Б.Ж. аттуу жаранга карата "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jazi89

20.04.2016. 12:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым бир туугандар да отуруп ичеби Астафируалла
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.