Жогорку Кеңештин спикерин шайлоо: Добуш берүүдө телефондор пайдаланылганы бир топ депутаттарды нааразы кылды

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүү өтүп жатат. Анын жүрүшүндө айрым депутаттардын уюлдук телефондору менен жашыруун добуш берүү кабинасына барып жатканы башкаларды нааразы кылды. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Мирлан Жээнчороев депутаттарды добуш берүү кабинасына телефондорду алып кирбөөгө чакырды.
Айта кетсек, комиссия курамына 12 депутат кирген эсептөө комиссиясы түзүлүп, шайлоонун тартибин, бюллетендин формасын аныктаган. Бюллетенде белги коюу үчүн 2 талапкердин аты-жөнү жана "баарына каршы" деген пункт бар. Добуш берүү жашыруун формада өтүп жатат.
Төрагалык кызматка "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ат салышууда.
ЖКнын төрагасын шайлоодо депутаттарды телефондорду колдонбоого чакырышты 20.04.16
Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо (20-апрель. 2016)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-1

