super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-апрель: Мындан 17 жыл мурун АКШнын Колорадо штатындагы "Колумбайн" мектебинде массалык өлтүрүү болгон

 

Эрик Харрис (солдо) жана Дилан Клиболд теракт учурунда мектептин ашканасындаМындан 17 жыл мурун, 1999-жылы 20-апрелде АКШнын Колорадо штатындагы "Колумбайн" мектебинде массалык өлтүрүү болгон. Бул күнү Эрик Харрис жана Дилан Клиболд аттуу окуучулар мектепке курал-жарактар менен башка окуучуларга жана персоналга кол салуу үчүн даярданып келишкен. Кол салгандар 23 кишини жарадар кылышкан, алардын ичинен 13 киши өлгөн. Андан кийин өздөрү атынып өлүшкөн.

Эрик Харрис менен Дилан Клиболд мектепте көп шылдыңга кабылышчу. Ал эми 1998-жылы жүк ташуучу унааны тоногону үчүн соттолушкан. Эки окуучу мындай кылмышка өч алуу максатында барышканы алардын өздүк күндөлүктөрүндөгү жазууларынан улам белгилүү болгон. Алардын ою боюнча мектепте эң күчтүүлөр гана тирүү калышы керек болчу. Атышуудан соң мектептин ашканасын жардырып, полиция кызматкерлери менен да атышууну пландашкан.
Бул терактка окуучуларга ок атуучу куралды 18 жаштагы Робин Андерсон сатып бергени менен, кийин ал эч кандай күнөөсү жок деп табылган. Ошондой эле балдардын өздүк архивинен өздөрү жасаган жарылуучу заттарды сынаган видеолор табылган. Мектептин ашканасына да өздөрү жасаган 2 жарылуучу затты коюшкан, бирок алар жарылбай калган.
20-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: