super.kg logo

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген эки жаран кармалды

 

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-апрелде Токмок шаардык ооруканасына бычак мизинен алган жаракаты менен 25 жаштагы Т.Т. аттуу жаран түшкөн. Бул окуя боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында Чүй облусунун 27 жаштагы О.М. аттуу тургуну аталган кылмышка шектелип кармалды.

Ошондой эле милиция кызматкерлерине арыз менен Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы М.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал 18-апрелде саат 16:00 чамасында Кара-Балта шаарынын темир жолунун жанынан 40-45 жаштардагы белгисиз адам аны сабап кеткенин билдирген. Анын кесепетинен арыз ээси бир топ жаракаттарды алганын белгилеген. Бул кылмышка шектүү катары ошол эле шаардын 46 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган фактылар боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: