super.kg logo

Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратты

 

Бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровдун иши боюнча соттук ишти карап, чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Уметалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык сот "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталып жаткан Бакыт Абдыкапаровду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, 50 эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынды. 7 жылдын 3 жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелинет, эгер соттолуучу аталган сыноо мөөнөтүнүн ичинде өзүн туура алып жүрсө, жаза мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

“Бүгүн судья Жаңыл Мамбеталынын кароосунда соттук отурум болуп өттү. Менин колума өкүм тие элек, ошол себепке байланыштуу эч нерсе айта албайм”,- деди Уметалиева.

Айта кетсек, Бакыт Абдыкапаров "алдоо жолу менен 50 миң доллар алган жана Бишкек шаардык жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келген" деп айыпталып жаткан. Мындан улам УКМКнын Тергөө башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Абдыкапаров 7 жылга шарттуу түрдө кесилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.04.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида эжеге кыйын болуптур,абышкасын айда жылда бир коруп калат окшойт, же залог мн чыгып кетер бекен,,,
20.04.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanpiter, шарттуу турдо кесилди деп турат,7 жыл абакта отурат деп ойлобогула
20.04.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карга карганын козун чокубайт болуптур, башка бир жонокой адам болгондо чындап 10 жылга кетет эле
21.04.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарттуу турдо дегени кандай?
21.04.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шарттуу турдо дегени условно деп коет. кесилди бирок, кадимкидей эле журо берет.
21.04.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларга эле жыргал жашоо болду. Миллиондорду уурдаса деле камалбайт. Беш миндик бир кой уурдагандар турмодо чирип кеттат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: