Алмазбек Кадыркулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматына дайындалды
Алмазбек Кадыркулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Айта кетсек, буга чейин Алмазбек Кадыркулов Байланыш агенттигинин директору, билим берүү жана илим министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















