Чек арадан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү аталган көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген 1982-жылы туулган А.Р. аттуу жаран токтотулган. Текшерүү иштеринин натыйжасында паспорт башка адамга таандык экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Мен Алматыда иштегендиктен ар 3 айда границага чыгып келем(разрешение на работу жасатпай эле).
27-мартта таможняда регистрациядан отуп жатканыбызда алдымда турган жигиттин мурунку данныйы чыгып калды эле сразу эле кармап отделениеге алып кетишти. Озу Казахстандан выдворение болгон экен. Аябай боорум ооруду.