super.kg logo

Бишкек шаарында унаасында бир нече ок атуучу куралдары бар мурда сот жообуна тартылган 3 жаран кармалды

 

Бишкек шаарында унаасында бир нече ок атуучу куралдары бар мурда сот жообуна тартылган 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү саат 23:00 чамасында Жибек-Жолу - Малышев көчөлөрүнүн кесилишинен ыкчам текшерүү иштеринин алкагында Тойота Алтеза үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа токтотулган. Шек жараткан унаанын салонун кароо учурунда кара түстөгү сумкадан 1 даана 16-калибрдеги ок атуучу курал, 16-калибрдеги 4 даана гильза, 3 даана колго жасалган бычак, 1 оюн таякчасы (бита), бет кап түрүндөгү 1 кара топу, 1 даана медициналык көк түстөгү бет кап, 3 даана кол кап табылган.

Иликтөө иштеринин алкагында унаанын айдоочусу мурда сот жобуна тартылган Новопавловка айылынын 18 жаштагы Н.А. аттуу тургуну экени, ал эми анын жүргүнчүлөрү мурда соттолгон Токмок шаарынын 26 жаштагы Н.Т. аттуу жана 21 жаштагы Б.Б. аттуу тургундары экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.04.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дааа.. акчасын алып кое берип ийбей соттосо экен
21.04.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапжаш туруп кылмыш чойросуно аралашкандарына тан калам.
Тыптынч омур сургонго не жетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: