super.kg logo

Чүй облусунда унаа тетиктерин жана соода борборунан товар уурдоого шектелгендер кармалышты

 

Чүй облусунда унаа тетиктерин жана соода борборунан товар уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Лебединовка айылынын 34 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 20-апрелде саат 04:30 чамасында белгисиз адам БМВ үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап, ичиндеги унаа тетиктерин уурдоого аракеттенгенин билдирген. Бул факт боюнча кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 21 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну кармалды.

Жайыл районунун 47 жаштагы Д. А. аттуу тургуну да милицияга арыз менен кайрылган. Ал 12-апрелден 16-апрелге чейинки убакыт аралыгында аталган аймакта жайгашкан соода борборлорунун биринен белгисиз адамдар сатыкка коюлган товарларын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Вознесеновка айылынын 42 жаштагы Ш.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда аталган фактыларга шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: