Жалал-Абад. Медициналык колледждин жооптуу кызматкерлери "ар бир студенттен 500 сомдон чогултуп, жалпы 351 миң сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан" деп шектелишүүдө
Жалал-Абад медициналык колледжинин жооптуу кызматкерлери 2015-жылдын ичинде "камкордук фондго" деп жасалма документтерди даярдап, ар бир студенттен 500 сомдон чогултушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
"Чогултулган акча каражатынан жасалма актынын негизинде 351 720 сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарылганы аныкталды. Аталган факт боюнча "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "жасалма документ жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- дешти милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

студенттердин