Сокулук районундагы үйлөрдүн биринен түтүнгө ууланып 64 жаштагы киши каза тапты
Сокулук районундагы үйлөрдүн биринен түтүнгө ууланып 64 жаштагы киши каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гавриловка айылындагы Пушкин көчөсүндө жайгашкан үйдүн бөлмөсүндө жыгач пол, сыналгы, диван жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрт болгон үйдөн 64 жаштагы Генадий П. аттуу үй ээсинин түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.