super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 21-АПРЕЛЬ: Мындан 90 жыл мурун Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II төрөлгөн

 

Елизавета II (Елизавета Александра Мария) 1926-жылы 21-апрелде Лондондо туулган. Жаш кезинен Конституция тарыхын, укук, искусство жана дин илимдерин өз алдынча окуп, аттарга жакын болуп, ат үстүндө жүрүүнү үйрөнгөн. Ал герцог Эдинбургскийге 21 жашында турмушка чыккан. Ханыша менен ханзаада Филипптин 4 баласы, 8 небереси жана 5 чөбөрөсү бар.

1952-жылы Елизавета II 25 жашында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия Падышалыгы, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган. Ханышанын таажы кийүү салтанатын сыналгыдан көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн.
2015-жылы 9-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган башкаруучу катары рекорд койгон. Буга чейинки рекорд Улуу Британияны 1837-1901-жылдары башкарган ханыша Викторияга таандык болгон. Бул тарыхый күндү Елизавета II кадимки иш күнү катары баалап, жолдошу менен темир жолдун расмий ачылышына катышкан.
21-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: