Өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 21-апрелде саат 12:55 чамасында өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, анын очогу кыргыз жеринин Ат-Ойнок тоо кыркасында жайгашып, Алмалуу айылынан 8 чакырым түштүк-батышты карай, Кара-Күнгөй айылынан 20 чакырым түштүк-батышты карай, Аркыт айылынан 28 чакырым түндүк-чыгышты карай, Токтогул шаарынан 52 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Алмалуу айылында 3 балл, Кара-Күнгөй, Ак-Тектир айылдарында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Aidowi

21.04.2016. 16:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтан эскертуу болуп атат.Зына адам олтуруу коп болуп намаз окууну унутушту
A3A

21.04.2016. 16:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер титироо коп боло баштады (((
admin_portal

22.04.2016. 09:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZAIYR, мааниси бирдей билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.