Бишкекте 6 мамлекеттин спортчуларынын катышуусунда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өтөт

23-апрелде Бишкекте эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш орун алат. "Кулатуу эр таймаш ММА" жана Орусиянын "Ахмат" клубу биргеликте уюштуруп жаткан мелдеш "Стронг" бокс жана фитнес борборунда өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын (WEF) президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Орусиянын спортчулары да чакырылган. Мелдеш алкагында "AFCA&WEF PROFFIGHT" версиясы боюнча чемпиондук кур үчүн Алтынбек Мамашев (77 кг) өзбек мушкерине каршы турат.
Бул күнү жалпысынан 12 беттеш орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Маалыматты толуктоого аракет кылабыз.