ЖЫЛНААМА, 22-АПРЕЛЬ: Мындан 146 жыл мурун саясий ишмер Владимир Ильич Ленин туулган

1870-жылы 22-апрелде Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Советтер Союзунун жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) Симбирск шаарында туулган.
Ал 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Г.В.Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарган. 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп орус падышачылыгын тактан кулатып, Владимир Ильич Ленин бийликке келген.
Владимир Ильич Ленин бир партиялуу систем түзүп, коммунисттик партиянын жетекчилигинде Советтик Социалисттик Республикалар Союзун түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган. Ал эми 1924-жылы январда ден соолугу кескин начарлап, 21-январь күнү каза болгон.
22-апрелдин жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Осуятын уйроном.
Окуу окуу деп айткан,
Окуу билим деп айткан...
Ленин атабыздын осуяттары туболуктуу.
Ленин атам үйрөткөн,
Осуятын үйрөнөм.
Окуу, окуу деп айткан,
Окуу жайын көп айткан... )))))
Жаштын берген тилегин
Окуу, окуу деп айткан
Окуу жайын коп айткан.